Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Коогада каза тапкандардын жакындарына 1 млн. сомдон берилет


28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.
28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунда жүргөндө билдирди. Ал Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт.

Жапаров Маргун айылындагы жолугушууда коогада кыйраган, өрттөлүп, талкаланган үйлөрдү, турак жайларды эки айдын ичинде калыбына келтирүү тууралуу убада берди. Ал чыгымдардын баарын мамлекет көтөрүн айтты. Ошондой эле Маргунда аскердик бөлүк жайгашарын маалымдады.

Жапаров Баткенге 6-майда иш сапар менен барды. Анын күзөтчүлөрү журналисттерге, жайкын тургундарга президенттин жолугушууларын сүрөткө, видео-аудиого тарттырбай жатат.

Президент 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган. Айрым кыштактарда турак-жайлар талкаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG