Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кадамжайда 15 жаштагы кыз изделүүдө


Баткен облустук милициясы сунуш кылган сүрөт

Баткендин Кадамжай районунун Ынтымак айылынын 15 жаштагы тургуну Мадина Мыктыбек кызы изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, ал 4-май күнү түш ченде үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Издөө ишин райондук милиция жүргүзүүдө.

Мадина үйдөн чыкканда ак түстөгү водолазка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою - 150-160 см.

Милиция сүрөттөгү кызды көргөн-билгендерден маалымат беришин суранат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG