Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

COVID-19: Индияда бир күндүк көрсөткүч жогорулады


Нью-Делидеги оорукана. 1-май, 2021-жыл.
Нью-Делидеги оорукана. 1-май, 2021-жыл.

Индияда соңку бир суткада коронавирустан 3980 миң адам өлүп, 412 миң адамдан аныкталды.

Өлкөдө Кошмо Штаттар, Франция, Британия, Орусия жана башка мамлекеттерден жардам түшсө дагы, кычкылтек концентраторлору жетишсиз болууда.

Мындан улам Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдары Түштүк Азиядагы «тереңдеп бараткан алааматты» токтотуу үчүн коомчулукта чара көрүүгө чакырды.

Учурда Непалда дагы эпидемиологиялык кырдаал оор. Ал жакта да ооруканалар толуп калганы кабарланды.

Индияда биринчи пайда болгон вирустун жаңы түрү жакында эле Испанияда катталды. Испаниянын саламаттык сактоо министри Каролина Дариастын айтымында, соңку бир нече күндө 11 адамдан жаңы штамм табылган. Өткөн жумада расмий Мадрид Индияга жети тонна медициналык жардам жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG