Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

«Талибан» Ооганстандагы чоң дамбаны басып алды


Аргандаб деген аталыш менен белгилүү Дахла дамбасы.
Аргандаб деген аталыш менен белгилүү Дахла дамбасы.

"Талибан" кыймылынын жоочулары Ооганстандагы экинчи чоң дамбаны жана ооган армиясынын эки базасын басып алышты.

Аргандаб деген аталыш менен белгилүү Дахла дамбасы Кандагар провинциясында жайгашкан. Кандагар шаарын таза суу менен камсыздаган дамба бир нече айга уланган айыгышкан салгылашуулардан кийин талибдердин көзөмөлүнө өттү. Бул маалыматты талибдер да, өкмөт да ырастады.

Ошол эле учурда «Талибан» кыймылы Баглан провинциясындагы эки өкмөттүк аскердик базаны басып алганын билдирди.

Бул окуялар АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгара баштаган маалга туш келди.

Өткөн жылы Вашингтон менен талибдердин ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, америкалык аскерлер быйыл 1-майга чейин чыгарылмак. Президент Жо Байден жоокерлер 11-сентябрга чейин толук чыгарылат деп убада берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG