Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

"Талибан" Ооганстандагы бир районду ээлеп алды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү, 29-апрель 2021-жыл.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү, 29-апрель 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен бир нече саатка созулган кармаштан кийин Баглан провинциясындагы Барака районун ээлеп алышты. Бул маалыматты 5-майда райондун башчысы Мухаммад Ширзад "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастады. Ал курал-жарак жетишсиз болгондуктан, ооган аскерлери артка чегинүүгө аргасыз болгонун айтты.

Провинциянын полициясынын басма сөз өкүлү "Талибан" кыймылы да чоң жоготууга учураганын билдирди. Коопсуздук тармагында иштеген, атын атабаган расмий жетекчинин айтымында, талибдер кеминде 10 коопсуздук кызматкерин жана дагы 16 кишини барымтага алышты. Ошондой эле провинциядагы ооган армиясына таандык бир көзөмөл пункту талибдердин колуна өткөнү кабарланууда.

Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясы өлкөдөгү эң туруксуз аймактардын бир катары мүнөздөлүп келет.

Ооган күчтөрү менен "Талибандын" мындай кагылышуулары АКШ аскерлерин өлкөдөн чыгаруу жараянын баштаган учурда орун алууда. 2-майда америкалык күчтөр Гильменд провинциясындагы бир базаны ооган коопсуздук кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Президент Жо Байдендин буйругунун негизинде 2,5 миңдей америкалык аскер ооган жергесинен 11-сентябрга чейин толук чыгып кетиши керек.

Ооганстандын ичинде да, сыртында бул чечимди кубаттагандар да, анын кесепетин эскерткендер да бар. Айрымдар чет өлкөлүк күчтөр өлкөдөн толугу менен чыгып кетсе, талибдер кайра бийликти басып алышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG