Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

11-майдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

11-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Ош облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус болот.

XS
SM
MD
LG