Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргыз жана тажик башкы дипломаттары сүйлөшүү жүргүзүштү


Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин.
Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин.

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин 11-майда Кытайдын Сиан шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” форматындагы жыйындын алкагында эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрлер эки өлкөнүн аймагын жана чек арасын өз ара урматтоону, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай турганын билдиришти. Ошону менен катар чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешти. Жакынкы келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG