Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Башкы прокуратура тажик генералынын аракетине баа берилерин ырастады


Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылынын талкалангандан кийинки абалы.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылынын талкалангандан кийинки абалы.

Кыргыз бийлиги Тажикстандын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине баа берет.

Бул тууралуу Башкы прокуратура «Азаттык» радиосуна ырастады. Маалыматка ылайык, тергөө иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүп жатат.

Буга чейин 24.kg маалымат сайты башкы көзөмөл органдын маалыматына таянып, тажик генералы Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине карата Жазык кодексинин 380-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыш") менен сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын жазган.

Мухаммадзода Хуршед Изатулло Тажикстандын аскерлери, техникалары менен турган видео социалдык тармактарга 8-майда тараган. Бирок бул тасма кайсы күнү тартылганы белгисиз.

Кыргызстандын “ПолитКлиника” сайты видеону текшерип, тасма кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда тартылганын, тажик аскерлери Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жүргөнүн аныктап чыккан. Басылма мындай бүтүмүн тасмада аскерлер турган жердеги “Максат айылы” жана “Анарбай ата” деген жазуулар менен негиздеген.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши, тажик тараптан 19 адам мерт болгон. Эки өлкө бири-бирин куралдуу жаңжалга айыптап, Бишкекте да, Душанбеде да кылмыш ишин козгошту. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG