Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

SFCG уюму кыргыз-тажик чек арасындагы зомбулукту айыптады


«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык бейөкмөт уюму кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны зомбулук деп мүнөздөп, айыптоосун билдирди.

Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 11-майдагы билдирүүсүндө бардык кызыкдар тараптар менен кызматташып, эки өлкө ортосунда данакерлик иш жүргүзүүгө даярдыгы айтылды.

Уюм жакындарынан айрылгандарга көңүл айтып, “Мындан ары ушундай апааттарды алдын алуу үчүн бар күчүбүздү жумшайлы. Дүйнө жүзүндөгү коомчулуктар менен иштөө жагынан 40 жылдан ашуун тажрыйбасы бар тынчтыкты орнотуу боюнча эң ири уюм катары биз тынчтыктын канчалык баалуу экендигин, аны көздүн карегиндей сактоо зарылдыгын абдан жакшы билебиз” деп билдирди.

«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» (Search For Common Ground) эл аралык уюму 1982-жылы чыр-чатактарды тынч чечүү жаатында иштөө максатында түзүлгөн. Анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2011-жылы ачылган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону айтылды.

Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгоду.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган, калганы такталып бүтө элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG