Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

12-майдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

12-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18…23;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 18…23;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG