Ош облусунун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн сегиз жаштагы баланы сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу 12-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсык 11-майда саат 13:20 чамасында болгон. Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүрүп, мал кайтарып жүргөн бала агып кеткен. Аны туугандары таап алып ооруканага алып барганда чарчап калган.
Кара-Кулжа районундагы 8-10-11-майдагы жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, райондогу 200гө жакын үйгө суу кирген. Сел Кара-Гуз айыл өкмөтүндөгү алты айылды бириктирген көпүрөнү алып кеткен. Натыйжада аталган айыл өкмөттөгү эки айылдын каттамы токтогон. Учурда атайын техника менен айланма жолду куруу иштери жүрүүдө.
Кыргызгидромет 12-майда айрым аймактарда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.(MrA)
Facebook шеринеси