Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Мамкомиссия: «Кумтөр Голд» Кыргызстанга 4,2 млрд доллар төлөөгө милдеттүү, 106 тонна алтын өлкөгө кайтарылат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деген сумманы атады. 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтты.

Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

Мындан тышкары, Жапаров билдиргендей, комиссиянын аракети менен калдык сакталуучу жайда жаткан 106 тоннадан ашык алтын Кыргызстандын менчигине кайтарылганы жатат. Бул алтын 5-10 жыл аралыгында казылса 5,2 миллиард долларлык акча болот:

«Жалпысынан бул сумманы далилдесе болот деп эсептейбиз. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айыппулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго айырбаштоо тажрыйбасы токтотулушу керек деп эсептейбиз. Мындан аны «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биздин биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл».

Жапаров билдиргендей, бул эсептөөлөрдү каржылык-экономикалык топ жүргүзүп, мамлекеттик комиссияга бекитүүгө сунуш кылууда.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG