Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Европа өнүктүрүү банкы Кумтөр кени боюнча тынчсыздануусун билдирди


Кумтөр. Февраль, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөр. Февраль, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстан парламенти 17-майда «Kумтөр Голд Компани» ишканасынмамлекетке өткөрүү жараянын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп, тынчсыздануусун билдирген.

Банктын кайрылуусунда “бул сыяктуу чечимдер Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек жаратат” деп айтылат. Банк муну өлкө экономикасын калыбына келтирүүдө жана инвесторлордун иштеши үчүн кооптонууну пайда кыла турган тобокелчилик экенин белгилейт.

“ЕРӨБ өз акционерлери, башка эл аралык каржы институттар жана чет өлкөлүк, ата мекендик ишкерлер менен биргеликте тыгыз иштеп, мындай аракеттердин терс таасирине алардын көңүлүн буруу жана реакциясын жумшартуу боюнча иш алып барат”, - деп айтылат кайрылууда.

Эл аралык банк кыргыз бийлиги менен бирге инвестициялык абалды жана калктын жашоосун жакшыртууну көздөй турганын билдирди.

17-майда Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссия парламентте маалымат берет. Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган. 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

6-майда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компанини” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда "Центерра Голд" компаниясы билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга каршы келерин, "Кумтөр" мыйзамдарды бузбаганын билдирген. Ал эми анын түзүүчүсү “Центерра Голд” жалдаган юридикалык компания кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө 45 күн убакыт берип, бул аралыкта тараптар бир пикирге келе албаса, эл аралык арбитражга даттана турганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG