Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Кумтөр боюнча комиссия: Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогондорго укуктук баа берүү керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия бир топ жетекчилердин жана кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу 17-майда комиссиянын отчету парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында каралып жатканда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров парламент жыйындан кийин кабыл ала турган токтом:

«Келишимге кол койгон президенттердин, премьерлердин тизмеси, Экотехинспекциянын ошол убактагы директорлору, 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки баары, төрт пайыз салыкты албай, жыл сайын кол коюп берген Салык инспекциясынын директорлору, «Центерра Голд» ишканасынын директорлор кеңешиндеги кыргыз тараптын мүчөлөрү, "Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагаларынын баарына чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогону үчүн баа берүүнү өтүнүп укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага жиберип атабыз”.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG