Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Коронавирустан дагы жети бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан жети бейтап каза болду. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, вирустан көз жумгандардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүйдө катталган. Муну менен вирустан каза болгондордун саны Кыргызстанда 1718 кишиге жетти.

18-майда 234 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (112) катталды. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 100 миң 966 адамга жетти.

Бир күндө 282 адам сакайып чыкты. Учурда 1605 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 86 бейтаптын абалы оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Акыркы эки-үч айдан бери оору Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында көп жайылууда. Бийлик ушул үч аймакка карантин чектөөлөрүн киргизүү маселесин карап жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG