Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

БШК: 7-июнда 13 шаарда мэр шайлоо болот


БШК имараты.

Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-майдагы токтому менен Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчыларын шайлоо 7-июнга белгиленди.

Шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия чакырып шайлашат.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG