Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:22

УКМК: Көр сатууга шектүү кызматкер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын маалыматына караганда, бул ишканада “туруктуу коррупциялык схема” аныкталды:

“Маркумдарды көмүүдө аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1-5 миң долларга чейин сый акы алып жүрүшкөн. 18-майда сотко чейинки териштирүү материалдардын алкагында “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин” кызматкери маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды”.

Кылмышка шектүү кызматкер атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

УКМК бул ишканадагы мыйзамсыз иштерди аныктоо боюнча иш-чаралар уланып жатканын билдирди.

Бош жер калбаганына байланыштуу Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө сөөк коюу 2021-жылдын 1-январынан тартып токтотулган.

Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев иликтөө жүргүзүп, анын негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон. Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасы эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда аталган көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG