Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

COVID-19: Дагы төрт адам каза болду, 361 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, экөө Чүйдө катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1729 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 361 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (193) жана Чүй облусунда (96).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 101 580 адамга жетти.

Бир күндө 320 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1567 адам жатат, дагы 2461 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG