Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Чек ара: Таш-Тумшукта жашагандар көчүрүп кетүүнү суранышты


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Баткендин Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда алар чек арадагы кооптуу аймакта коркуп, кооптонуп жашап жаткандарын билдиришти. Баткендик активист Актилек Гүлжигит кызы 26-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган тасмада айылдыктардын көбү үй-жайын таштап кеткенин айтышкан.

“Урматтуу президент. Биз кооптуу аймакта жашайбыз. Учурда үй-жайыбызды таптап ар кайсы жерде аргасыз жүрөбүз. Ошондуктан биздин коопсуздугубуз үчүн Таш-Тумшук айылынан көчүрүп кетүүңүздү сурайбыз”, - деди кайрылуу жолдогон айылдыктардын бири.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалдын айынан айылда коопсуздук маселеси көтөрүлүп, мектептеги окуу процесси толук токтогон.

Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюнда жайгашкан Таш-Тумшук айылы Баткен районуна карайт. Расмий маалыматка ылайык, айылда 500дөн ашык киши жашайт.

Таш-Тумшукта такталбаган тилкелерге байланыштуу буга чейин да бир канча жолу чыр-чатак болгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG