Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Бажы кызматы бирдиктүү санарип системасы менен иштөөгө өтөт


Эркечтам бажы бекети.
Эркечтам бажы бекети.

Мамлекеттик бажы кызматы бирдиктүү санариптик платформасы менен иштөөгө өткөрүү үчүн “Смарт бажы” аттуу долбоор даярдалып жатат. Ал 2021-2022-жылдары ишке ашат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров бул система тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берерин билдирди. Ошондой эле бажыны жөнгө салуу сапатын жакшыртуу менен экономиканы жогорулатууга шарт түзөрү айтылат.

Кыргызстанга ЕАЭБ аймагынан алып кирилүүчү товарларды каттаган "Бирдиктүү пост" автоматтык системасы быйыл 1-январдан тартып ишке кирген.

"Бирдиктүү пост" - салык төлөмдөрүн фискалдаштыруучу “Смарт салым” долбоорунун бир бөлүгү. Система ЕАЭБге кирген мамлекеттердин товар алмашуусун тескеп, аткезчиликке жол бербөө максатында түзүлгөн. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, бул автоматташтырылган система интеграциялык уюм ичинде товарларды жана автоунааларды каттоо жараянын тездетет жана уюмдагы бардык мамлекеттердин маалымат алмашуусуна шарт түзөт.

Былтыр ноябрь айында ошол кезде премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарын кыдырып, "Бирдиктүү пост" системасынын пилоттук долбоору иштебей турганын катуу сындаган. Натыйжада жооптуу кызматкерлердин айрымдары иштен алынган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG