29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 17…19°, күндүз 33…35 градус ысыйт.