Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Азиз Суракматов эки айга камалды


Азиз Суракматов. Биринчи май райондук соту. 28-май, 2021-жыл.
Азиз Суракматов. Биринчи май райондук соту. 28-май, 2021-жыл.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 28-майда мурдагы мэр Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасын карады. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагына эки айга камалды.

Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып ушул аптада кармалган. УКМК курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө кымбат баалуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгени боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура 28-майда Азиз Суракматов менен кошо Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныш Кудайбергенов да коррупцияга шек саналып жатканын, алар башкалаадагы муниципалдык жерге байланышкан жемкорлук ишинин фигуранты экенин кабарлады.

Расмий маалыматта Кудайбергенов менен Суракматов аталаш тууган экени көрсөтүлгөн. Алар коррупциялык жол менен жерлерге ээлик кылып, эбегейсиз байлык топтогону белгиленген.

Фактылар боюнча Суракматовго, Кудайбергеновго жана аларга катышы бар деген башка жооптуу кызмат адамдарына карата иш Жазык кодексинин 319 («Коррупция») жана 323-беренелери («Мыйзамсыз баюу») менен териштирилип жатат.

51 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы да болгон. Анын жакындары жана адвокаттар комментарий бере элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG