Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Онкология борбору: жаңы жабдуулар июлдан тартып иштеши мүмкүн


Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борбору.

Улуттук онкология жана гематология борборундагы нур менен тездетип дарылоочу жаңы жабдуулар июль айынан ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин директору Бактыгүл Султангазиева кабарлады.

“Биздин дарыгерлер, медайымдар бул жабдууларды иштетүү боюнча билими жок болгондуктан, атайын курстарга кетип жатышат. Аппараттарды иштетүү өтө татаал процесс экен. Андыктан, мыкты даярдык керек”.

Дарыгерлер Москва, Минск шаарларына барып, атайын окутуу курстарына катышат.

Жарандык активисттер нур менен тез дарылоочу бул аппаратты алуу үчүн 2016-жылы акция өткөрүп, элден акча чогулткан. "Centerra Gold" компаниясы анда 10 миллион АКШ долларын берген.

Нур менен тездетип дарылоочу эки жабдуу 300 миллион сомдон ашык каражатка алынып, 2020-жылы атайын имаратка орнотулган. Бул эки аппарат менен күнүнө онкологиялык оорусу бар 100 бейтапты дарыласа болот.

Буга чейин өлкөдө Советтер союзунан калган нур менен дарылоочу жабдуулардан тышкары Индиянын "Бабатрон" аппараты колдонулчу.

Тездетип дарылоочу аппарат жок болгондуктан, бейтаптар коңшу Казакстан, Орусия же Түркияга дарыланууга барышчу.

Кыргызстанда жылына үч миңдей адамдан өсмө оорулары аныкталат, алардын жарымынан көбү оорусу күчөп кеткен стадияда дарыгерлерге кайрылат.

Жалпы каттоодо 25 миңден ашуун өсмө оорулуу турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG