Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкекте КМШ өкмөт башчылар кеңеши саммитке чогулат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте 12-ноябрда Көз карандысыз эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин жетекчилеринин саммити өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 29-майда Беларустун борбору Минскиде аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышкан.

Анда жугуштуу оорулардын алдын алуу, калкты иш менен камсыз кылуу жана куралдуу күчтөрдүн офицерлерин даярдоо жаатында кызматташтык талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду.

Жыйындын алкагында Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолукту. Ошондой эле Минскидеги бир катар өндүрүш жайларын кыдырып, трактор заводуна да барды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG