Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Грузин оппозициясы парламентти бойкоттогонун токтотту


Грузиядагы оппозициянын лидери Ника Мелия. 30-май, 2021-жыл. Тблиси.
Грузиядагы оппозициянын лидери Ника Мелия. 30-май, 2021-жыл. Тблиси.

Грузиядагы оппозициянын лидери Ника Мелия 30-майда билдиргендей, анын Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясы дээрлик жети айдан бери уланып жаткан парламентти бойкоттосун токтотту.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "биз Грузия мамлекетин олигарх Биздина Иванишвилинин колунан бошотуп алуу үчүн парламентке кайтабыз", -деди.

Бийликтеги "Грузин кыялын" миллиардер Биздина Иванишвили түптөгөн.

Грузияда саясий кризис былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин күч алган. Анда алдыга "Грузин кыялы" чыккан, бирок оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып, таануудан баш тарткан.

Оппозициячыл партиялардын тобу парламентти бойкоттоп, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып демонстрацияларга чыгышкан. Мелия өзү май айынын башында эле Евробиримдиктин жардамы менен күрөөгө бошотулган. Ал 2019-жылы өкмөткө каршы демонстарциялар маалында "калайман башаламандык" уюштурууга шектелип үч ай мурда камалган.

19-апрелде Еврокеңештин президенти Шарль Мишелдин ортомучулугу алдында оппозиция менен "Грузин кыялы" мунаса тапкан. Анын алкагында бир нече оппозициячыл партияларга парламентке кирүүгө жол ачылды. Мелиянын бошотулушу да ушул макулдашууга ылайык ишке ашты. Анткен менен Грузиянын мурдагы президенти, бозгунда жүргөн Михаил Саакашвили негиздеген "Жаңы күчтөр кыймылы" партиясы парламентке кирбей калды. Анын жыйынтыгында 150 орундун 36сы бош турат.

XS
SM
MD
LG