Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Министр: мамлекеттик оорукананын дарыгери менчик жайда иштебесин


Кыргызстандык дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик ооруканаларда иштеген медициналык кызматкерлерге жеке менчик медициналык борборлордо иштөөсүнө тыюу салууну пландап жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Сиздерге (ред: парламентке) дарыгерлер мамлекеттик ооруканада иштесе ага кошумча менчик клиникада иштебесин, менчик клиникадагылар мамлекеттик ооруканада иштебесин деген сунушту киргизгени жатабыз. Себеби, дарыгерлер бейтапты эртең менен мамлекеттик клиникада кабыл алып, түштөн кийин менчик борборлорго жаткырып дарылап, операция жасап акчасын алышат”.

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова дарыгерлерге мындай чектөө коюу туура эмес экенин, тескирисинче мамлекеттик ооруканада иштеген дарыгерлерге менчик медициналык борборлордогудай шарт түзүү зарылдыгын айтты.

Бейшеналиев акыркы 1,5 жылда министрлик жаңы аппараттарды алганын, ооруканаларда шарт түзүлүп жатканын билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG