Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Аба ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн


1-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18, күндүзгү жогорку температурасы 33…35 градуска чейин жогорулайт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG