Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Ооганстанда коронавируска каршы вакциналар түгөндү


Кабулдун тургуну коронавируска каршы вакцина алып жатат. 12-апрель, 2021-жыл.
Кабулдун тургуну коронавируска каршы вакцина алып жатат. 12-апрель, 2021-жыл.

Ооганстанда COVID-19 илдетине вакциналар калбады. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Дастагир Назаринин айтымында, эмдөө токтоду. Биринчи дозасын алгандар гана экинчи жолу эмделип жатышат.

37 миллион калкы бар Ооганстан Индияда өндүрүлгөн «АстраЗенека» вакцинасынан 500 миң доза жана COVAX эл аралык программасынын алкагында дагы 468 миң доза алган. Алгач медкызматкерлер, аскер кызматкерлери, мугалимдер жана журналисттер эмделди.

Назари жакынкы келечекте Кытайдан 700 миң доза вакцина күтүлүп жатканын билдирди. Бирок анын так мөөнөтү белгисиз.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирус соңку бир суткада 25 адамдын өмүрүн алды. Жалпы көз жумгандардын саны 3 миңге чамалады. Анткен менен бул эсеп кыйла көп болушу мүмкүн экени айтылып келет.

Өлкөдөгү тынчыбай жаткан кагылышуулар дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин катарына кирген Ооганстанда саламаттык сактоо системасын ого бетер начарлатты. Назаринин айтымында, учурда ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүнүн 72% толуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG