Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

НАТО Ооганстандан аскелердин чыгарылышын талкуулайт


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 31-май, 2021-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 31-май, 2021-жыл.

НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо жана тышкы иштер министрлери 1-июнда Ооганстандагы жыйырма жылга созулган согуштан кийинки аскерлерди чыгарып кетүү операциясын талкуулайт.

Алар ошондой эле 14-июнда Брюсселде Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден катышкан саммит тууралуу сүйлөшөт. Ал жыйында аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин "НАТО-2030" деген планы талкууга коюлат. Бул план Орусиядан жана Кытайдан тараган коркунучтарга, террорчулукка, киберчабуулдарга, дезинформацияга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган.

Орусиянын коргоо министри 31-майда Москва НАТОнун коркунучтарына туруштук берүү максатында батыш сектордо быйыл 20 жаңы аскердик бөлүк түзөрүн билдирген.

Байден быйыл 11-сентябрга чейин америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетерин билдирген. Учурда жемкорлукка белчесинен баткан ооган коопсуздук күчтөрүн мындан аркы НАТОнун каржылашы, атайын аскерлердин чет жакта машыгуудан өтүшү тууралуу суроолор ачык бойдон калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG