Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

"Түндүк-түштүк" альтернативдүү жолун депутаттык комиссия иликтейт


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу менен таанышуу учурунда. 2017-жыл
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу менен таанышуу учурунда. 2017-жыл

Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын сунушу менен “түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссияны түзүү парламентте кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Депутаттар Улукбек Ормонов менен Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү аягына келгенин жүйө кылып, 20 күндүк комиссия түзүүгө каршы чыгышты.

Бекешов регламентте парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө төрт ай калганда комиссия түзүүгө тыюу салынарын эскертти.

Шайлообек Атазов менен Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин мөөнөтү качан бүтөрү азырынча белгисиз экенин белгилеп, комиссия түзүүнү колдошту.

Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтүүдө.

2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы менен катар Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Кытайдын "China Road & Bridge Corporation" корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери 3 фазага бөлүнгөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG