Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Акыйкатчы: Марат Казакпаев абактагы катуу басым тууралуу арызданды


Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.
Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган саясат талдоочу Марат Казакпаев абакта катуу психологиялык басымга кабылып жатканын аны менен жолугуп чыккан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине айтып берди.

Ал камакка алынышын кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өз пикирин айтканы менен байланыштырууда.

Казакпаев кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн, тергөөчүнүн аты-жөнү да алигүнчө белгисиз экенин айтып берип, УКМК кызматкерлери андан азыркы адвокатынан баш тартууну талап кылып жатышканын, болбосо №1 тергөө абагына которуп, кылмышкерлер менен бир камерага отургузарын айтып жатышканын билдирди.

Азыр мамлекеттик кызматта иштеп жаткан бир адамга каршы көрсөтмө берүүнү да талап кылып жатышканын кошумчалады.

Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалганын, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында далилдер табылганын УКМК 14-апрелде кабарлаган жана эгер күнөөсү далилденсе алар 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал экенин эскерткен.

Териштирүү Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде жүрүп жатат.

УКМК Казакпаевдин Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине айтып бергени боюнча азырынча комментарий бере элек.

Казакпаев www.aryba.kg сайтына быйыл 10-апрелде “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырса, айрымдар мындай ойго кошулбай турганын белгилешкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG