Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

ЖК: Тазабек Икрамов эл аралык комитеттин төрагалыгына шайланды


Тазабек Икрамов
Тазабек Икрамов

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ал 73 добуш алды.

Комитет төрагалыгына “Бир Бол” фракциясы Мамасадык Бакировдун, ал эми “Өнүгүү-Прогресс” Тазабек Икрамовдун талапкерлигин сунуштаган.

Эл аралык комитетти буга чейин Исхак Пирматов жетектеп келген. Ал өткөн жумада өз арызы менен депутаттык мандатынан баш тарткан. Пирматовду 31-майда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Кумтөр ишине” байланыштуу камакка алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG