Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

Депутат Бердиев күчаланы медицинада колдонууну сунуштады (видео)


Аккулу Бердиев
Аккулу Бердиев

Жогорку Кеңеште алтын тамыр, күчала, кийик от деген чөптөрдү медицинада колдонуу маселеси көтөрүлдү.

Депутат Аккулу Бердиев тоодо өскөн чөптөрдү Кыргызстандын дарысы катары чыгаруу сунушун саламаттыктты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге берди.

“Бизде альтернативдүү дары чөптөр бар. Мисалы, алтын тамыр деген кан басымды түшүрөт, кийик от ашказанды майлайт, күчала деген бел кубатты күчөтөт, уу коргошунду өзүңүз ичип бир топ сөз болду. Ушуларды окумуштууларга тапшырып, каалоочулар үчүн альтернативдүү дары кылдырбайсызбы?", - деди Бердиев.

Министр чөп-чар менен дарылаган элдик дарыгерлердин ишин мыйзамдаштыруу үчүн документ даярдалып жатканын, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке киргизилерин билдирди.

Буга чейин Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Уу коргошун менен дарылоо илим чөйрөсүнүн сынына кабылган. Парламентте министр Бейшеналиевди кызматтан алуу демилгеси көтөрүлүп, ал ишке ашкан эмес.

Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканын, бирок корутунду алуу максатында илимпоздорго жөнөтүлгөнүн билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG