Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Кудайбергенов: Өзбекстандан 350 автобус алынышы мүмкүн


Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумунда ишкерлер Өзбекстандан 350 автобус алып келүүнү сунуштап жатканын билдирди.

"Биздин ишкерлердин катышуусунда Өзбекстандын "Самарканд-авто" заводу менен "Исузу" маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Аларды биздин, кыргызстандык ишкерлер өз акчасына алып келишет. Аутсорсинг система менен биз аларга шаардан каттам линиясын беребиз. Биринчи партиясы - 50 автобус ушул айдын аягына чейин алып келиниши күтүлүп жатат. Калганын толугу менен октябрдын аягына чейин келет деп убада беришкен".

Кудайбергеновдун айтымында, учурда Европа өнүктүрүү банкынан 33 млн. евро насыяны автобус сатып алуу үчүн сурап жатышат. Анын ичинен 8 млн. евро грант түрүндө, калганы 1% үстөк менен 12 жылга алынары пландалууда.

Бишкекте айдоочулар жол кирени 15 сомго көтөрүү талабы менен 2-июнда иш ташташкан. Алар 3-июнда да каттамга чыгышкан жок. Элди троллейбус жана автобустар тейлөөдө.

Бишкекте азыр маршруттук таксилердин жол акысы – 10 сом. Жүргүнчүлөргө 42 жеке компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун кичи автобус эл ташыйт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG