Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Бактыбек Кудайбергенов: маршруттук таксилер маселеси чечиле элек


Бишкектеги маршруттук такси.
Бишкектеги маршруттук такси.

Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумуна Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакырылып, калаада түзүлгөн акыркы кырдаал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Ал маршруттук таксилер боюнча кырдаалды мындан ары кантип чечишти билбей жатканын депутаттарга айтты.

"Биз маршруттук таксилер эртең ишке чыгабы же чыкпайбы билбейбиз. Сүйлөшүү жүргүзүп, алардан өтүндүк. Бул көйгөйдү чечүүнүн дагы кандай жолу бар, билбейм. Жүргүнчү ташыган фирмаларды сентябрга чейин чыдап тургула десек, макул болбой жатышат. Балким эртең да чыгышпайт. Бишкек шаардык автортранспорттук ишкана жүргүнчүлөрдү ташый берет. Кошумча дагы 30 машине ишке тартылды", - деди Кудайбергенов.

Депутаттар бул маселеге өкмөт кийлигишпесе көйгөй чечилбесин эскертишти. Бишкек шаардык кеңеши чукул жыйынга чогулушу керектигин белгилешти.

Шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары 2-июндан тартып жапырт иш таштаган. Алар жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып жатышат.

Бишкекте жүргүнчүлөргө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Анда үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. ( (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG