Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

COVID-19: Жонсон бай өлкөлөрдү дүйнөнү жапырт эмдөөгө чакырды


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон «Чоң Жетиге» (G7) кирген бай өлкөлөрдүн лидерлерин 2022-жылдын аягына чейин дүйнөдөгү адамдарды коронавируска каршы эмдөөгө шарт түзүүгө чакырды.

Анын 5-июндагы билдирүүсүндө кийинки жылдын аягына чейин жер жүзүндөгү адамдарды эмдөө «медицинанын тарыхындагы чоң эрдик болору» айтылат. Британ премьер-министри бул маселени 11-июнда башталчу “Чоң жетинин” лидерлеринин Корнуолл шаарындагы жыйынында көтөрөт. Үч күнгө созулган жыйында дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрүнүн жетекчилери коронавируска каршы күрөш, эмдөө боюнча маселелерди да талкуулашат.

Вируска байланыштуу какыр өлкөлөргө вакцинадан жардам берүү демилгеси утур-утур көтөрүлүп келет. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден июнь айынын соңуна чейин АКШ 80 миллион доза вакцинаны бей-бечара мамлекеттерге таркатып берерин жарыялаган.

Америкадагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, 6-июнга карата дүйнөдө 173 миллиондон ашык адам коронавирус жугузса, анын 3 миллион 700 миңден көбү каза болду. 2 миллиарддан ашуун киши вакцина алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG