Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Мэрия: маршруттук таксилердин көбү ишке чыкты


Бишкек. Коомдук транспорт күткөн шаардыктар аялдамада
Бишкек. Коомдук транспорт күткөн шаардыктар аялдамада

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы көпчүлүк маршруттук таксилер 6-июндан тартып каттамга чыкканын билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, жол кире акысы шаардык кеңеш маселени караганча 10 сом бойдон калат. "Өзүмбилемдик менен жол кирени көтөргөн айдоочулар, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирмалар мыйзам алдында жоопкерчике тартылат", деп айтылат маалыматта.

Айдоочулар жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып 2-июндан тартып жапырт иш таштаган.

Алар ушул жылдын январь айында да нааразычылык акциясын уюштуруп, иш ташташарын айтышкан. Мэрия 1-майга чейин маселени чечүүгө убада берген.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, маселе шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандыктан убагында каралбай калды. Мэриянын жол кире тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укугу жок.

Экономика жана финансы министрлиги Бишкек шаарындагы жол акысы боюнча атайын анализ жүргүзүп, жол акысын карап чыгуу боюнча оң жооп берген.

Жол кирени көтөрүү тууралуу токтом долбоору даярдалып Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилди. Бактыбек Кудайбергенов жол кирени көтөрүү тууралуу токтомду жаңы шайланып келген шаардык кеңеш сентябрь айындагы сессияда карашы мүмкүн экенин билдирген.

Бишкекте жүргүнчүлөргө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Анда үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG