Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Энергетикалык каатчылыктан чыгуу жолдору талкууланат


Датка-Кемин көмөк чордону
Датка-Кемин көмөк чордону

Бишкек шаарында 7-июнда “Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги” аттуу жыйын өтөт. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышмакчы.

Улуттук энергохолдинден билдиришкендей, иш-чарада энергетиканын учурдагы талылуу маселелери жана андан чыгуу жолдору каралат.

Кыргызстанда электр жабдууларынын 70-80 пайызга жакыны эскирип бүткөнүн "Улуттук энергохолдинг" билдирип келет. Дүйнөлүк тажрыйбада энергетика системасындагы жабдыктардын эскирүүсү 30 пайызга чейин мүмкүн деп эсептелет.

Электр жабдуулардын эскириши Улуттук электр тармактары боюнча 52-57 пайыз, "Электр станциялары" 73 пайыз, Бишкек жылуулук тармагында 83 пайыздан ашып кеткен.

Президент Садыр Жапаров апрель айында кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG