Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

ТИМ: түрк элчилиги Инандынын аялынын сөзүн четке какты


Рейхан Инанды.
Рейхан Инанды.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды түрк элчилигинин имаратында кармалып турат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Ага ылайык, 7-июнда ТИМде Түркиянын элчиси менен жолугушуу өткөн.

"Орхан Инандынын аялы жолдошу түрк элчилигинин имаратында болушу мүмкүн деген божомолун айткан. Түрк элчилиги Вена конвенциясына ылайык кол тийгис. Кечээ түрк элчиси менен жолукканда Орхан Инанды "түрк элчилигинин имаратында деген сөз нонсенс, эч кандай чындыкка жатпайт", деген сөзүн айтты", - деди министрдин орун басары Артыкбаев.

Буга чейин Орхан Инандынын жубайы жолдошу “Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат” деген кабары бар экенин айтып чыккан.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG