Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

"Ак шумкарлардын" чоң жеңиши

Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.

Оюн 11-июнда Жапониянын Осака шаарында өттү. Анда алгачкы голду футболчу Турсунали Рустамов киргизди.

Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев болду.

Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.

2019-жылы да ак шумкарлар Мьянма курамасын 7:0 эсебинде утуп, өз рекордун жаңылаган эле.

Эми алар 15-июнда Жапония курама командасы менен беттешет.

XS
SM
MD
LG