Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

"Ыйман нуру" менен "Ак бата" шаардык кеңештерге шайлоого катышпайт


Нуржигит Кадырбеков жана Нариман Түлеев.
Нуржигит Кадырбеков жана Нариман Түлеев.

"Ыйман нуру" партиясы 11-июлда Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине өтө турган кайра шайлоого катышпайт. Партия лидери Нуржигит Кадырбеков 11-июнда "Фейсбуктагы" баракчасында ушундай билдирүү жасады. Ал "Ыйман нуру" мындан ары аймактардагы калааларды өнүктүрүүгө күч жумшарын айтты.

Ушул эле күнү "Ак бата" партиясынын лидери Нариман Түлеев да билдирүү жасап, Бишкектеги шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал баш калаанын тургундары партиянын программасына азырынча даяр эместигин айтты.

"Ыйман нуру" 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо 10 шаарда уткан. Анын ичинде Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

"Ак бата" партиясы да Бишкекте шайлоодожеңген. Бир айдан соң аймактык шайлоо комиссиясыш айлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн "Ак Батанын" жеңишин жокко чыгарган.

11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG