Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Аймактык шайлоо комиссиясы"Ак Бата" партиясын да шайлоодон четтетти


"Ак Бата" партиясын Бишкек шаардык кеңешинин тизмесин баштап барган Нариман Түлеев.
"Ак Бата" партиясын Бишкек шаардык кеңешинин тизмесин баштап барган Нариман Түлеев.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн "Ак Бата" саясий партиясын шаардык кеңештин шайлоосунан алып салды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан партиянын үстүнөн 11 арыз жана мыйзам бузуулар жөнүндө 17 маалымат түшкөн. "Ак Бата" партиясын шайлоодон четтетүүнү жана ага берилген добуштарды жараксыз деп табууну аймактык шайлоо комиссиясынын 10 мүчөсү колдоду.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мунун алдында эле "Эмгек" партиясын шаардык кеңештин шайлоосунан четтеткен.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде өткөн. Жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш сатып алуу фактысы боюнча КЭДПны шайлоодон четтетип, ал чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот колдогон. (BTo)

XS
SM
MD
LG