Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Өзбекстанда ВИЧти башка адамга "атайы жуктурду" деп шектелген аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 34 жаштагы аял ВИЧ инфекциясын башка адамга атайы жуктурду деп айыпталып жатат. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, окуя Бухара облусунун Вобкент районунда катталды.

Полиция кылмыш ишин козгоп, аялды оорусун билип туруп "инфекцияны жергиликтүү тургундардын бирине корголбогон жыныстык катнаш аркылуу жугузган" деп айыптоодо. Маалыматта айтылгандай, тийиштүү мекемелер аялды буга чейин бир нече жолу эскертип, ВИЧти башкаларга жугузса, кылмыш жообуна тартыларын билдиришкен.

Кылмышка шектүү келинден ВИЧ инфекциясы 2019-жылы аныкталып, ал облустук СПИД борборуна каттоого алынган.

Калкы 33 миллиондон ашуун Өзбекстанда 2020-жылдын ноябрь айына карата ВИЧ жуккандардын саны 43 581 адам, алардын көбү эркектер экени маалым болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG