Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

БУУ: Кыргызстандын эли кирешесинин 70% тамак алууга коротот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аймактык директору Андреа Баньоли Кыргызстанда жакырчылыкта жашаган эл кирешесинин 70% ашыгын тамак-аш сатып алууга жумшайт деп билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эки миллион адам жакыр жашайт.

14-июнда БУУнун өкүлдөрү басма соз жыйын өткөрүп, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалымат беришти.

"Эки жылдан бери өкүм сүргөн пандемия бул көйгөйдү курчутту. Дүйнөдө тамак-аш өндүрүү жаатында өнүгүү болгону менен өтө жакыр жашагандар үчүн бул прогресс пайда алып келген жок. Андыктан жакыр катмарга жардам берүү үчүн баарыбыз бирге иш алып барышыбыз керек. БУУнун азык-түлүк программасы мамлекеттик органдар, жеке тараптар, жарандык коомчулук менен тыгыз иш алып барууга даяр", - деди Баньоли.

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун башкы штаб-квартирасынын сунушу менен 2021-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өтчү азык-түлүк коопсуздугу саммитинин алкагында бир нече жыйын улуттук диалог форматында уюштурулат. Иш-чаралардын алгачкысы 15-июнда Ош шаарында башталат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG