Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Москвада тейлөө тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттүү


Москвадагы эмдөө пункту.
Москвадагы эмдөө пункту.

Москва шаарынын бийлиги тейлөө тармагында иштеген кызматкерлердин 60% милдеттүү түрдө COVID-19 илдетине каршы эмделиши керек деп чечти. Орус башкалаасында коронавирустун жаңы учурлары кескин өсүүдө.

Шаар башчы Сергей Собянин кырдаал абдан начарлап баратканын айтып, ооруканаларга күч келтирбөө, өлүмдөрдүн алдын алуу үчүн элди эмделүүгө чакырды.

12-июнда мэр 15-июндан тарта бир жумага эс алуу жарыялаган.

Акыркы суткада Москвада вирус аныкталгандар алдыңкы күнгө караганда дээрлик алты миңге көбөйүп, 11 миңден ашты. 24 саатта шаарда илдеттен 75 киши көз жумду. Мындай көрсөткүч 19-январдан бери каттала элек эле.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Орусияда коронавирус 125 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бирок эксперттер чыныгы статистика мындан жогору дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG