Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Сабиз баасы боюнча Чүйдүн үч-төрт ишкерине карата териштирүү жүрүүдө


Бишкек. 2021-жылдын 16-июну.
Бишкек. 2021-жылдын 16-июну.

Сабиздин баасы жогорулап кеткенине байланыштуу Чүй облусундагы бир нече ишкер боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 17-июнда парламенттин агрардык комитетинде маалымат берип жатып Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди:

“Бул жерде “кызыл кулактык” бар. Чүй облусунун эки зонасында 3-4 ишкер бар экен. Жергиликтүү бийликтин жардамы менен ошол боюнча иштеп жатабыз. Териштирүү жүрүп, материалдар топтолууда, жакынкы убакта органдарга өткөрүп беребиз”.

Кыргызстанда соңку күндөрү жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыккан. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиз кымбаттап кетиши сезондук гана көрүнүш экенин 16-июнда билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG