Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы ири суммадагы алдамчылыкка шек саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.
Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл май айында Ош облусунун Араван районунун тургуну белгисиз адам аны алдап 18 миң долларын алып бербей жатканын, карызынан баш тарттыруу үчүн коркутууга кабылганын айтып арыз жазган.
Ушул эле райондун дагы бир тургуну 2017-жылы сөз болуп жаткан киши аны да алдап миллион сомдон ашык акчасын алып бербей жатканын билдирген.
Шектүү адам Бишкек шаарында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (BTo)