Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Орусияда Мамдумага шайлоо дайындалды


Орусия. Москва. Кремл.
Орусия. Москва. Кремл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Мамлекеттик Думага шайлоону 19-сентябрга дайындоо тууралуу жарлыгы чыкты.

Бул жарлык расмий жарыяланары менен күчүнө кирди.

Шайлоону дайындоо тууралуу чечим кабыл алынган соң, беш күндүн ичинде “Российская газета” басылмасына расмий жарыяланат.

Эми Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнү өткөрүү тартибин кабыл алып, ал эми саясий партиялар съездерин чакырып, программалары менен депутаттыкка талапкерлеринин тизмелерин бекитүүгө тийиш.

Орусияда шайлоолорго катышуу укугуна ээ болгон отузга чукул саясий партия бар. Алардын арасынан 14 партия Думанын шайлоосуна шайлоочулардын колун топтобой эле бара ала турган парламенттик жеңилдик алган.

Мамлекеттик Думага шайлоо менен бирге эле Орусиянын тогуз субъектисинин башчыларын жана 39 аймактык парламентке депутаттарды шайлоо болуп өтөт.

Быйыл май айында Мамлекеттик Дума экстремисттик уюмдардын ишмердигине тиешеси барларга шайлоого катышууга тыюу салган мыйзам кабы алган. Москванын соту мындан кийин орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный негиздеген коомдук уюмдарды "экстремисттик" деп тааныган чечим чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG