Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Израил Газага кайра сокку урду


Газа сектору. 16-июнь, 2021-жыл.
Газа сектору. 16-июнь, 2021-жыл.

Израилдин аскер-аба күчтөрү Газадагы жоочулардын очокторун көздөй бир жумада экинчи ирет сокку урду.

Мындай чаралар палестин жоочулары күйүүчү май куюлган аба шарларын Израилди көздөй коё бергенине карата көрүлгөнү айтылды. Палестина тараптан күйүүчү май толтурулган шарларды коё берүүнүн артынан эле аба соккулары урулган. Бул окуя Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ансыз дагы кылдын учунда турган тынчтыкты бузуп, жарашуу жараянын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экени белгиленди.

Израилдин коргоо министрлигинин билдирүүсүндө аба соккулары Газадагы жоочулардын аскердик объектилерин карай урулганы көрсөтүлгөн.

Ал эми ХАМАС 18-июнга караган түнү күйүүчү май куюлган аба шарларын Израилдин аймагын көздөй учуруп, андагы айыл чарба өсүмдүктөрү өскөн аянттар өрттөнгөнү белгилүү болгон. Ошондуктан Израил аскрелери аскердик аракеттерди кайрадан калыбына келтирүү планы дагы каралып жатканын кабарлашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG