Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Тихановская: Лукашенконун режими коркуп калды


Светлана Тихановская Брюсселдеги маалымат жыйында. 21-июнь, 2021-жыл
Светлана Тихановская Брюсселдеги маалымат жыйында. 21-июнь, 2021-жыл

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Вильнюска бараткан учакты мажбурлап Минскиге кондуруу “ката” болгонун, ал окуя Батышты авторитардык жетекчи Александр Лукашенкого каршы чечкиндүү аракет көрүүгө түрткү бергенин айтты. Анын AP агенттигине берген интервьюсу 23-июнда жарык көрдү.

Тихановская режим “буга чейин европалык мейкиндикке кийлигишпегенин, кызыл сызыктан өтпөгөнүн” белгиледи:

“Режим беларустардын ынтымагынан, Еврошаркеттин, АКШнын Беларустагы кырдаалга карата позициясындагы биримдигинен ушунчалык коркконунан стратегиялык ой жүгүртүүнү унутуп койду. Алар эмоцияларга берилип кетишти”.

Былтыр 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөлөргө агылып, каршылык акциялары башталган. Алар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени айтылган шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын, өнөктүктү Тихановская утканын айтып келишти.

Беларуста митинч бийлик митингчилерге каршы күч колдонуп, катышуучулар азыркыга чейин куугунтукталып келатат.

Ал окуялардан кийин эл аралык коомчулук Лукашенкого кысымын күчөткөн.

23-майда Афины-Вильнюс каттамында бараткан жүргүнчү учак истребителдин коштоосунда Минскиге күчтөп кондурулгандан кийин борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевич камакка алынган. Минск учакта бомба бар деген эскертүү келгенин айткан. Кийин ал маалымат жалган болуп чыккан. Учакта европалык жарандар көп болчу.

Ошондон кийин Евробиримдик, АКШ, Британия жана Канада Беларуска санкция киргизишти.

Лукашенко 22-июнда ал чараларды өлкөгө каршы “гибрид согушунун” бир бөлүгү деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG